Бүгүн, 8-апрелде Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда спорт чебери Камил Арслановдун жаркын элесине арналып, жыл сайын өткөрүлүүчү дзюдо боюнча эл аралык мелдеш башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 2001-2003-жылдар аралыгында төрөлгөн спортчулар арасында өтүп жаткан мелдеште Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстан мамлекеттеринин спортчулары күч сынашмакчы. Мелдеш эртең, 9-апрелде жыйынтыкталат.