Кикбоксинг боюнча Кыргызстандын биринчилиги аяктады

6-апрелде Бишкекте жыйынтыкталган кикбоксинг боюнча Кыргызстандын биринчилигинде 12 комплект медаль ойнотулду. Ага 16 клубдан 100дөн ашык спортчу катышты. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мелдештин жыйынтыгында Бакир Ерса (48 килограмм салмакта), Бексултан Туратбек уулу (51 кг), Уланбек Касымбеков (54 кг), Авазбек Аманбеков (57 кг), Бектурсун Махмуд уулу (60 кг), Икбол Фазилжан уулу (63 кг), Элдос Сыргабаев (67 кг), Евгений Проданцов (71 кг), Ринат Галмундинов (75 кг), Абдыкадыр Козуев (81 кг), Таласбек Нуралиев (91 кг), Куан Абдыраимов (91 кг) сыяктуу кикбоксчулар өз салмактарында жеңүүчү аталышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан