Кечээ, 8-апрелде УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын чейрек финалында лондондук “Челси” менен франциялык ПСЖнын жана мадриддик “Реал” менен дортмунддук “Боруссиянын” ортосунда жооптук оюндар болду. Көпчүлүк болжогондой, жарым финалдык жолдомо ээлери “Челси” менен “Реал” болду.
Жооптук оюндардын жыйынтыгы:
“Челси” (Англия) - ПСЖ (Франция) – 2:0
Голдор: Андре Шюррле (32-мүнөттө). Демба Ба (87-мүнөттө)
“Боруссия” (Германия) - “Реал” (Испания) – 2:0
Голдор: Марко Ройс 24-мүнөттө, 37-мүнөттө
УЕФАнын расмий сайты билдиргендей, жарым финалдагы атаандаштар 11-апрелде таштала турган чүчү кулактын жыйынтыгында аныкталат.