Бүгүн, 9-апрелде Бишкекте “Алга” менен “Дордойдун” беттеши орун алат

Бүгүн, 9-апрелде Кыргызстандын футбол боюнча биринчилиги - ТОП-Лиганын 5-тур оюндары орун алат. Бул тууралуу Кыргызстандын Футболдук Лигасынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, КРнын Футбол федерациясынын Бишкектеги Футбол борборунда бишкектик “Алга” клубу “Дордойду” кабыл алат. Ал эми “Алдиер” клубу Куршабдагы “Куршаб” стадионунда кочкор-аталык “Нефтичи” менен беттешет. Беттештерге 17:00дө старт берилет. 

Кошумчалай кетсек, улуттук курама команданын Ооганстан менен боло турган жолдоштук беттешине карата жана Кыргызстандын кубогунун оюндарына карата ТОП-Лига 23-апрелге чейин тыныгуу алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
estim
2014-04-09 10:21:52
кайсыл жэрде болотурганын да жазсанар дордой менен алганын ойунун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан