Кечээ, 8-апрелде Ош шаарынын “Алай” футболдук клубу АФКнын Кубогунун тайпалык баскычынын 5-турунда бахрейндик “Аль-Риффа” менен беттешип, 2:0 эсебинде утулду. Бул тууралуу Азия футбол конфедерациясынын расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, “D” тайпасында орун алган беттештеги “Аль-Риффанын” жеңиши анын тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүн арттырды. “Аль-Риффа” клубу 3 жеңиш жана 1 тең чыгуу менен 5 турдун жыйынтыгында 10 упай топтоду. Ал эми 5 оюнда 1 упай гана топтогон “Алай” тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. Оштук клуб мелдештеги 6-тур оюнун (быйылкы жылдын эсебинен акыркы беттеши болот) 22-апрелде Ошто ирактык “Эрбил” клубуна каршы өткөрөт.