Бүгүн, 9-апрелде Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинде КРнын Улуттук каратэ федерациясынын президенти Нурдөөлөт Рысбеков жана спортчулардын акыркы ийгиликтери тууралуу журналисттерге айтып беришти. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын каратэ боюнча улуттук курама командасы 5-6-апрель күндөрү Приштине шаарында (Косово) өткөн Дүйнө чемпиондугуна катышып, 2 алтын, 4 күмүш жана 5 коло медаль олжолоп кайтышкан. Жалпысынан Дүйнө биринчилигине 37 мамлекеттин спортчулары катышкан. Кыргызстандын желеги астында 13 спортчу мелдешке катышып, анын 11и байгелүү орунду ээлеген.
Алтын медалдын ээлери:
Нурдөөлөт Рысбеков (ардагерлер арасында)
Жакшылык Рустамбеков (16-17 жаш курактагылар арасында)
Күмүш медаль ээлери:
Бакытбек кызы Раиса (16-17 жаштагылар арасында)
Бектур Салайдинов (13-14 жаштагылар арасында)
Турусбек уулу Залкар (10-11 жаштагылар арасында)
Нурболот Рысбеков (18 жаштан жогоркулар арасында)
Коло медаль ээлери:
Дүйшөнкул уулу Нуркамил
Шабдан Аманов
Атай Абдижалил уулу
Гүлбадам Сайдали кызы
Ислам Базарбаев