Бүгүн, 9-апрелде УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын чейрек финалынын жооптук оюндары орун алат. Анда мюнхендик “Бавария” менен каталондук “Барселона” жарым финалга чыгуу аракетин көрөт. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, “Бавария” өз үйүндө англиялык “Манчестер Юнайтедди” кабыл алса, “Барселона” мадриддик “Атлетикого” каршы конокто беттеш өткөрөт. Беттештер Бишкек убактысы боюнча 00:45те башталат. Буга чейин бул 2 жуптук 1:1 эсебинде тең ойношкон.