Кечээ, 9-апрелде УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын чейрек финалдык оюндары орун алды. “Атлетико”-“Барселона” жана “Бавария”-“Манчестер Юнайтед” командаларынын ортосундагы жооптук беттештердин жыйынтыгында “Атлетико” менен “Бавария” жарым финалга жолдомо алды. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайты билдирет.
“Атлетико” (Испания) - “Барселона” (Испания) – 1:0
Гол: Коке (5-мүнөттө)
“Бавария” (Германия) - “Манчестер Юнайтед” (Англия) – 3:1
Голдор: Эвра (57-мүнөттө), Манжукич (59-мүнөттө), Мюллер (68-мүнөттө), Роббен (76-мүнөттө).
Кошумчалай кетсек, ушуну менен УЕФАнын жарым финалына чыккан 4 команда тең болду. Буга чейин “Челси” менен “Реал” жарым финалдык жолдомонун ээси болгон. Жарым финалда ойной турган атаандаштар 11-апрелдеги чүчү кулактын негизинде белгилүү болот.