Бишкектеги Киев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринен улгайып калган аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу 10-апрелде шаардык куткаруучулар маалымдашты.
Белгилүү болгондой, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 79 жаштагы ардагердин туугандары кайрылышкан. Куткаруучулар аталган батирдин эшигин ачышып, улгайган аялдын сөөгүн таап чыгышкан. Сөөк өлүкканага жеткирилди.