Бишкектик “Дордой” атаандашы “Алганы” утуп, ТОП-Лиганын лидерине айланды

Кечээ, 9-апрелде бишкектик “Дордой” атаандашы “Алганы” утуп, ТОП-Лиганын лидерине айланды. Командалардын ортосундагы беттеш КРнын Футбол федерациясынын Футбол борборунда болуп, 1:0 эсебинде “Дордой” утуп алды. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бул беттештеги жалгыз голду “дордойчулардын” чабуулчусу Драган Милованович 11 метрлик айып соккусунан киргизди. Бул оюн менен катар куршабдык “Алдиер” өз үйүндө кочкор-аталык “Нефтичини” кабыл алды. Оюн 1:0 эсебинде “Алдиердин” жеңиши менен аяктады.

Кошумчалай кетсек, ТОП-Лигада ушуну менен “Алга”, “Алдиер” жана “Дордой” командаларынын эсептеринде 9дан упай болду. Киргизген жана өткөргөн голдордун жыйынтыгында мелдеш жадыбалын “Дордой” жетектеп келүүдө.

ТОП-Лиганын кезектеги беттештери 23-апрелде Бишкекте өтөт. Анда “Манас” клубу “Абдыш-Атага”, “Ала-Тоо” клубу “Алгага” каршы турат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан