Орусиянын Калуга шаарында катталган жол кырсыгынан 2 кыргызстандык, 3 өзбекстандык жаран каза тапты

Орусиянын Калуга шаарында катталган жол кырсыгынан 2 кыргызстандык жана 3 өзбекстандык жаран каза тапкандыгын бүгүн, 10-апрелде орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 9-апрелде түштө Калуга-Украина трассасында ДАФ үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен Кыргызстандын мамлекеттик номериндеги Хонда үлгүсүндөгү жеңил машина кагышып кеткен. Кырсыктын кесепетинен айдоочу жана үч жүргүнчү окуя болгон жерден мүрт кетишкен, бир жүргүнчү ооруканадан каза тапкан. Ал эми жүк ташуучу унаанын айдоочусу жеңил жаракат алган. Учурда бул жол кырсыгына күнөөлүүлөр аныкталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
patriot_doni
2014-04-10 15:51:39
Жайы жаннаттан болсун.Украинага бараткан го бечаралар...Окунучтуу...
+2
tolkun85
2014-04-10 15:54:51
ыймандары саламат болсун!
0
Tariel_tt
2014-04-10 16:32:32
Арты кайрылуу болсун. Украинага баратышкан го.
+1
Danel
2014-04-10 16:48:26
Таксистер уктабай айдашканго!
+1
nurkojo
2014-04-10 17:09:39
Аллах ыраазы болсун...
0
ALI2012
2014-04-10 22:15:07
кирди чыкты кылгана баратканго ажалда. Аллах бейишин берсин. Аминь
0
JoldoshMantekov
2014-04-11 00:44:51
Мен дагы булар менен Украинанын границасына барып келгем жакында эле, булар Москва шаарында,метро Дабрынинскийде иштешет Украина- Кыргызстанга эл таашып
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан