Кечээ, 9-апрелде болуп өткөн оюндардын жыйынтыгы менен футбол боюнча Кыргызстандын Кубогунун чейрек финалчылары аныкталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол Лигасынан кабарлашты.
Жарым чейрек финалдык оюндардын жыйынтыгы:
“Алдиер”-“Нефтичи” – 1:1 (пенальтилер сериясында 4:1)
“Жей Ти Атлетик”-“Наше пиво” – 1:5
“Живое пиво”-“Ала-Тоо” – 1:1 (пенальтилер сериясында 2:4)
“Беловодск”-“Манас” – 3:0
Жобо боюнча чейрек финалга чыккан 4 команда кубок үчүн кармашты ТОП-Лиганын калган командалары менен өткөрөт. 19-апрелде боло турган чейрек финалдык беттештер:
“Наше пиво” (Кант) - “Дордой” (Бишкек)
“Ала-Тоо” (Нарын) - “Алга” (Бишкек)
“Беловодск” (Беловодск) - “Абдыш-Ата” (Кант)
“Алдиер” (Куршаб) - “Алай” (Ош)