Кечээ, 10-апрелде болуп өткөн жооптук чейрек финалдык оюндардын жыйынтыгы менен УЕФАнын Евролигасынын жарым финалчылары аныкталды. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, жарым финалдык жолдомо ээлери италиялык “Ювентус”, португалиялык “Бенфика” жана испаниялык 2 клуб “Севилья” жана “Валенсия” болду.
Чейрек финалдык оюндардын жыйынтыгы:
“Ювентус” (Италия) – “Лион” (Франция) - 2:1 (алгачкы оюн 1:0)
“Севилья” (Испания) – “Порту” (Португалия) - 4:1 (0:1)
“Валенсия” (Испания) – “Базель” (Швейцария) - 5:0 (0:3)
“Бенфика” (Португалия) - АЗ (Голландия) - 2:0 (1:0)