Бүгүн, 11-апрелде КРнын Футбол федерациясы билдиргендей, улуттук курама команда 13-апрелде Дубайда Ооганстан менен боло турган жолдоштук оюнга аттанды. Команда 13-апрелде “Аль-Шабаб” стадионунда Ооганстан менен беттешет.
ФИФАнын 10-апрелде жаңыланган рейтингинде 209 мамлекеттин ичинен 147-орунду ээлеген Кыргызстан курама командасы бул беттешти АФКнын Чакырык Кубогунун финалдык баскычына даярдык иретинде өткөрүүдө. Ооганстан курама командасы да АФКнын Чакырык Кубогунун финалдык баскычына чыккан. Бул командалар мелдеште 2 тайпада оюн көрсөтүшөт.
Эске салсак, “АФКнын Чакырык Кубогу-2014” мелдешинин финалдык баскычы 19-30-май аралыгында Мальдив аралдарында болот. Кыргызстан курама командасы Мальдив, Палестина жана Мьянма курама командалары менен “А” тайпасында орун алган.