Орусиялык мушкер, 63,5 килограмм салмакта WBO (Бүткүл дүйнөлүк бокс уюму) версиясы боюнча Дүйнө чемпиону Руслан Проводников чемпиондугун коргоону америкалык Крис Алгиериден баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде чет элдик маалымат булактары кабарлады.
Маалыматка ылайык, беттеш 14-июнда Нью-Йоркто өтөт. Руслан тарап мексикалык мушкер Хуан Мануэль Маркес менен беттешүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жыйынтык чыгара албаган соң Крис Алгиериге токтолду.
Кошумчалай кетсек, орусиялык мушкер Дүйнө чемпиону наамына 2013-жылдын октябрь айында америкалык Майк Альварадону уткан соң ээ болгон.
Профессионалдык рингде Проводников 25 беттеш өткөрүп, 23үндө жеңишке жетишкен. 2 беттеште жеңилүү ызасын тарткан. Ал эми анын атаандашы Алгиери 19 беттеш өткөрүп, баарында жеңиш ээси болгон.