Талас шаарында 2010-жылы Апрель окуясында курман болгондордун элесине арналган тогуз коргоол боюнча мелдеш старт алды. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мелдеш 12 жашка чейинки, 14, 16 жана 18 жашка чейинки жаш категориялары боюнча өтүүдө. Бишкек, Талас, Ош шаарларынан, Ош, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Чүй облустарынан жана Талас облусунун 4 районунан командалар катышып жаткан биринчиликте катышуучулардын жалпы саны 100дү түзөт (43ү уландар, 57си кыздар). Жеңүүчүлөр 14-апрелде аныкталат.