Кечээ, 13-апрелде Дубай шаарында футбол боюнча Кыргызстан курама командасы "АФКнын Чакырык кубогу-2014" мелдешине даярдыгынын алкагында Ооганстан курама командасы менен жолдоштук беттеш өткөрдү.
Эки тарап тең үстү-үстүнө чабуул уюштурганы менен, 0:0 эсебиндеги тең чыгуу катталды. Оюндун алгачкы бөлүгүндө ооганстандыктар оюн эсебин ачууга чоң мүмкүнчүлүк алышкан. Бирок 11 метрлик айып соккусунда ооганстандык футболчу командасына гол алып келе алган жок.
Кошумчалай кетсек, “АФКнын Чакырык кубогу-2014” мелдешинин финалдык баскычы 19-30-май аралыгында Мальдив аралдарында болот. Кыргызстан курама командасы Мальдив, Палестина жана Мьянма курама командалары менен “А” тайпасында орун алган. Ал эми Ооганстан “В” тайпасында оюн көргөзөт.