Кыргызстандык жаш футболчу казакстандык клубдун курамына кошулду

Футбол боюнча Кыргызстан жаштар курама командасынын мүчөсү (21 жашка чейинки футболчулар арасында), “Абдыш-Ата” футболдук клубунда ойноп келген Бектур Талгат уулу казакстандык “Астана-1964” клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде "Абдыш-Атанын" башкы машыктыруучусу Мирлан Эшенов SUPER.KG порталына кабарлады. 

Анын айтымында, клуб менен футболчунун ортосунда келишим 2013-жылы бүткөн. Ошол себептүү Бектур эркин агент катары Казакстандын Биринчи Лигасында ойногон “Астана-1964” клубуна өттү. 

Кошумчалай кетсек, 19 жаштагы Бектур “Астана-1964” клубунун курамында төртүнчү легионер болот. Азырынча команданын курамында 2 африкалык футболчу жана 1 өзбекстандык футболчу ойноп келет. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
munarbek00
2014-04-14 12:12:06
ийгилик каалайбыз бироонун желегин желбиретип журобер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан