Бишкекте акча жана уюлдук телефонду күч колдонуп тартып алган жарандар кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 14-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, 45 жаштагы Д.Иляна аттуу айым милицияга кайрылган. Анда ал белгисиз адам күч колдонуу менен уюлдук телефонун тартып алганын айткан. Ленин райондук милиция кызматкерлери тарабынан "талап-тоноочулук кылган" деген шек менен Бишкек шаарынын К.Юлдуз аттуу тургуну кармалды.
Ушундай эле талап-тоноочулук фактысына кабылган Чүй облусунун 26 жаштагы тургуну Т.Аскатбек милицияга кайрылган. Анда 30-35 жаштардагы белгисиз адамдар күч колдонуу менен 23 миң сомун тартып алышканы айтылган. Бишкек ШИИББинин түнкү милициясынын ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында 45 жаштагы А.Улан жана К.Эрлан аттуу Ош облусунун тургундары "аталган кылмышка катыштыгы бар" деген шек менен кармалышты. Учурда иликтөө иштери уланууда.