Мэнни Пакьяо атаандашы Тимоти Брэдлини утуп, чемпиондук наамын кайтарып алды

12-апрель түнү Лас-Вегас шаарында өткөн бокс кечесинин алкагында филиппиндик Мэнни Пакьяо америкалык Тимоти Брэдли менен кез келип, упайлардын айырмачылыгында жеңишке жетишти. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.

Маалыматка ылайык, бул жеңиши менен М.Пакьяо WBO версиясы (Дүйнөлүк бокс уюму) боюнча Дүйнө чемпиондугун кайтарып алды. 12 раундга созулган беттештин жыйынтыгында 3 калыс тең жеңишти филиппиндик мушкерге ыйгарды (118:110, 116:112, 116:112).  

Эске салсак, бул эки мушкердин ортосундагы алгачкы беттеш 2012-жылы өтүп, анда упайлардын айырмачылыгында 30 жаштагы Тимоти Брэдли жеңип чыккан.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Topcubai
2014-04-14 12:38:55
азаматсын Менни.Сыйлаган спортчум да.Коп коп ийгиликтерди багынта бер
0
TIMi4
2014-04-16 16:41:28
floyd kaldy emi
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан