Кыргызстандык жаш спортчулар АКШнын Ачык биринчилигинде 2 медаль утушту

14-апрелде АКШнын Колорадо-Спрингс шаарында спорттун заманбап түрү, ичине беш спортту камтыган пентатлон боюнча АКШнын жаштар арасындагы Ачык биринчилиги жыйынтыкталды. Анда кыргызстандык спортчулар 2 медаль утушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын желеги астында барган спортчулардын ичинен Валерия Уварова алтын медаль тагынды. Ал эми Радион Хрипченко 7-орунду ээледи. Бул спортчулар эстафеталык жарыштарда Кыргызстандын эсебине күмүш медаль алып келишти.

Кошумчалай кетсек, курамына 43 спортчуну камтыган курама команданын мелдешке катышуусу КРнын Олимпиадалык комитетинин колдоосу менен ишке ашырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан