Футбол боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасы Азия чемпиондугунун тандап алуу туруна катышат

Футбол боюнча 22 жашка чейинки курактагылардан түзүлгөн Кыргызстан жаштар курама командасы 2016-жылы өтө турган Азия чемпиондугунун тандап алуу туруна катышат. Бул тууралуу кечээ, 14-апрелде КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.  

Маалыматка ылайык, федерацияга Азиялык футбол конфедерациясынан (АФК) расмий чакыруу келип түшкөн. Футбол федерациясы макулдугун берип, тиешелүү документтерди жөнөткөн. Тандап алуу оюндары 2014-жылдын экинчи бөлүгүндө орун алат. Мелдештин финалдык баскычы 2016-жылы өткөрүлөт.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nura27
2014-04-15 18:31:52
Абдан чон ийгилик каалайм.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан