13-апрелде Орусиянын Санкт-Петербург шаарында жыйынтыкталган бий спорту боюнча эл аралык мелдеште кыргызстандык спортчулар коло медаль тагынышты. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Олег Коженков жана Зульфия Лансарова жуптугу чоңдор арасында латын америкалык программада оюн көрсөтүп, 3-орунду ээлешти.