Таласта 2010-жылы Апрель окуясында курман болгондордун элесине арналган тогуз коргоол боюнча мелдеш аяктады

Кечээ, 14-апрелде Таласта 2010-жылы Апрель окуясында курман болгондордун элесине арналган тогуз коргоол боюнча мелдеш аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мелдеш 12 жашка чейинки, 14, 16 жана 18 жашка чейинки жаш категориялары боюнча өтүп, ага Бишкек, Талас, Ош шаарларынан, Ош, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Чүй облустарынан жана Талас облусунун 4 районунан командалар катышты.

Мелдешке катышкан 43 уландын жана 57 кыздын ичинен төмөнкү спортчулар чемпион болушту:

12 жашка чейинки курактагылар: Кыздар арасында Шералы кызы Кайыркүл (Жалал-Абад облусу), балдар арасында Аманбеков Ардак (Талас облусу).

14 жашка чейинки курактагылар: Кыздар арасында Бактыбек кызы Дилбара (Жалал-Абад облусу), балдар арасында Нурбеков Темирлан (Ош облусу).

16 жашка чейинкилер: Кыздар арасында Болоткан кызы Айзада (Талас облусу), уландар арасында Ниязбек уулу Бексултан (Ош облусу).  

18 жашка чейинкилер: Кыздар арасында Абдрахманова Айжамал (Талас облусу), уландар арасында Турдубеков Аскар (Бишкек шаары). 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан