Япониядан келген сумо спортунун чеберлери Бишкекте тажрыйбалары менен бөлүшүшөт

Бишкекке Япониядан профессионал сумочулар келип, өз тажрыйбалары менен бөлүшүшөт. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде Япониянын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты. Алардын айтымында, азырынча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Так маалымат жакын арада белгилүү болот.

Кошумчалай кетсек, элчиликтин планы ишке аша турган болсо, 26-апрелде Бишкекке Корю Тадахару жана Моконами Сакаэ аттуу сумочулар келишет. Сумо спортунун чеберлери Бишкекке болгон сапарында алгач өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, мастер-класс көрсөтүшөт. 27-апрель күнү көрсөтмө беттештер жана чакан мелдеш орун алат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mr.Ada
2014-04-16 00:57:20
Бизде да сумочулар барбы?!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан