Орусиялык теннисчи, Чоң шлем түркүмүндөгү мелдештердин жеңүүчүсү Мария Шарапова “Рио-де-Жанейро-2016” Олимпиадасынын алтын медалы анын кезектеги максаты экенин билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде чет элдик маалымат булактары кабарлады.
Маалыматка ылайык, учурда Айымдардын теннис ассоциациясында (WTA) 9-орунду ээлеп турган теннисчи Чоң шлем түркүмүндөгү 4 мелдеште тең жеңүүчү аталганы менен, Олимпиаданын алтын медалына жете элек. “Кандайдыр бир максат болбосо, машыгуу талаасында көп убакыт кармалуу мүмкүн эмес. Андыктан Олимпиада оюндарынын алтын медалын максат кылып келем. Бул мен үчүн маанилүү”,- дейт теннисчи.
Кошумчалай кетсек, Мария Шарапова “Лондон-2012” Олимпиадасында Орусия курама командасына күмүш медаль алып келген. Финалдык беттеште ал америкалык Серена Уильямска утулуп калган.