22-апрелде Ош шаарынын борбордук стадионунда АФКнын Кубогунун тайпалык баскычынын 6-тур оюндарынын алкагында орун алчу оштук «Алай» менен ирактык «Арбил» футболдук клубдарынын беттеши үчүн атайын жумушчу топ стадионду иретке келтирүү ишин баштады. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, стадионду иретке келтирүү боюнча даярдыктар көрүлүп, атайын жумушчу топ ишке киришти. Мелдешти уюштуруу иштери Ош шаарынын вице-мэри Ильич Эргешовго жүктөлгөн.