18-20-апрель күндөрү Бишкек шаарында каратэ-до боюнча өтүүчү республикалык мелдешке Ош шаарынан 30 спортчу катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Дүйшөн Төрөкулов билдирди.
Анын айтымында, Ошто түзүлгөн команданын курамына түрдүү салмак категориялары боюнча 30 спортчу кирди.