Кыргызстандык жаш спортчулар 3-6-апрель күндөрү АКШнын Огайо штатынын Коламбус шаарында жаш жеткинчектер арасында өткөн көркөм гимнастика боюнча эл аралык мелдешке катышып келишкен. Бүгүн, 16-апрелде мелдеште жеңүүчү аталган спортчулар өз сезимдери менен бөлүштү.
2 алтын медалга ээ болгон 11 жаштагы Айша Изабекованын айтымында, аталган мелдеш ага терең таасир калтырды. “АКШда башка мамлекеттин катышуучулары менен таанышууга убакыт болгон жок. Мен машыктыруучума абдан ыраазымын”,- деди ал.
“Мелдеш абдан кызыктуу болду. Мен өзүм үчүн көп тажрыйба алдым. Кийинки жылы да катышууга аракет кылам”,- деди күмүш медалды жеңип алган 10 жаштагы Жамыйла Сыдыгалиева.
Топ менен өнөр көрсөтүү боюнча 1-орунду ээлеген 7 жаштагы Аделина Эсенбекова: “Мага АКШ жакты. Мелдештен тышкары биз өлкөнүн музейлерине барып келдик”,- деп журналисттер менен бөлүштү.