ТОП-Лиганын алкагында “Алга” клубу “Манасты” ири эсепте утуп, лидерлик сапка чыкты

Кечээ, 15-апрелде футбол боюнча Кыргызстандын чемпиондугу - ТОП-Лиганын алкагында “Алга” жана “Манас” клубдары беттешип, “Алга” ири эсептеги жеңишке жетишти. Бул тууралуу Кыргызстандын Футболдук Лигасынын расмий сайты кабарлайт.

Маалыматка ылайык, “Алга” атаандашын 5:0 эсебинде утуп алды. Борбордук клубдун курамынан Иван Филатов 2 гол, Евгений Пилипас, Нуркал Сатаев жана Александр Бельдинов бирден гол өз эсептерине жаза алышты. ТОП-Лиганын 2014-жылкы сезонунда төртүнчү жеңишине жетишкен “Алга” карамагындагы 12 упай менен ТОП-Лиганын лидерлик сабына көтөрүлдү. “Алгага” салыштырмалуу аз оюн өткөргөн “Дордой” менен “Алдиер” эсептериндеги 9дан упай менен 2-3-орундарды ээлеп келүүдө.  

Кошумчалай кетсек, ТОП-Лиганын кезектеги оюндары 23-апрелде өтөт. Анда “Манас” клубу “Абдыш-Ата” менен кез келсе, “Алга” менен “Ала-Тоо” өз ара күч сынашмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан