Кечээ, 16-апрель түнү Валенсиядагы “Месталья” стадионунда Испаниянын Кубогунун финалында мадриддик “Реал” менен каталондук “Барселона” кез келип, “Реал” жеңүүчү аталды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, мадриддик “Реалдын” курамынан Анхель Ди Мария алгач эсепти ачып, оюндун биринчи бөлүгү мадриддик клубдун үстөмдүгү астында жыйынтыкталды. Экинчи таймда “Барселона” оюн эсебин теңегени менен, тең эсепти сактап кала алган жок. Оюндун жыйынтыкталарына 5 мүнөт калганда “Реал” экинчи голун киргизип, жеңишке жетишти.
Кошумчалай кетсек, “Реал” бул кубокту өз тарыхында 19-ирет жеңип алды.
“Барселона”-“Реал” – 1:2
Голдор: Анхель Ди Мария (11-мүнөттө), Марк Бартра (68-мүнөттө). Гарет Бэйл (85-мүнөттө).