Ош облусунун Ноокат районунда «Абшыр-Ата» спорт-комплексинин ачылышына арналган волейбол боюнча республикалык турнир өтөт. Бул тууралуу 17-апрелде Волейбол федерациясынан билдиришти.
Маалым болгондой, иш-чара 7-8-майда Кулатов айылында өтөт. Ага республиканын аймагынан бирден команда, ал эми Ноокат районунан 3 команда катышат.