1-майда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда кикбоксинг боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, мелдеш "лоу-кик" жана K-1 версиялары боюнча өтөт. Анда жалпысынан 10дон ашык беттеш орун алары күтүлүүдө.