2014-жылкы Универсиаданын жеңүүчүлөрү 40 миң сом байге алышты

Универсиада оюндарынын Жогорку Лигасында сегизинчи ирет жеңишке жетишкен И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин студенттери 40 000 сом байге алышты. Бул тууралуу КРнын Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, Универсиада кечээ, 17-апрелде жыйынтыкталды. 3 лигага бөлүнүп өткөрүлгөн студенттик мелдештин Жогорку Лигасында 8 команданын ичинен КМТУнун студенттери командалык эсепте 1-орунду ээлешти. Жогорку Лигада 2-орунду ээлеген Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын студенттери 35 миң сом сыйлык алышса, 3-орунду ээлеген Жусуп Баласагын атындагы КУУнун студенттери 30 миң сом менен сыйланышты.  

Кошумчалай кетсек, республиканын аймагынан 35 жогорку окуу жайы катышкан Универсиада оюндары 13-мартта старт алган. Анда жылдагыдан айырмаланып, командалар 3 лигага бөлүнгөн. Жогорку Лигада 8 команда 15 спорт түрү боюнча күч сынашкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан