Маалым болгондой, турнирге Ош шаарынын жана Ош облусунан келген Араван, Кара-Суу, Нариман айыл өкмөтүнүн Кызыл-Мээнет жана Алай районунун футболдук командалары катышышты.
Оюндун жыйынтыгы боюнча Ош облусунун курама командасы 1-орунга, "Алай" командасы 2-орунга ээ болушту. Ал эми 3-орунду "Араван" футбол командасы утуп алды.
Ага Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Таалайбек Сарыбашов катышты. Жаш спортчуларга жетишкендиктерди каалап, жеңүүчүлөргө 5000 сом акчалай сыйлык тапшырды.