19-апрелде болуп өткөн оюндардын жыйынтыгы менен футбол боюнча Кыргызстандын Кубогунун жарым финалына “Дордой”, “Алга”, “Абдыш-Ата” жана “Алдиер” клубдары чыкты. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол Лигасынын расмий сайты кабарлайт.
Жарым финалдык оюндардын жыйынтыгы:
“Наше пиво” (Кант) - “Дордой” (Бишкек) – 1:3
“Ала-Тоо” (Нарын) - “Алга” (Бишкек) – 1:6
“Беловодск” (Беловодск) - “Абдыш-Ата” (Кант) – 0:2
“Алдиер” (Куршаб) - “Алай” (Ош) – 4:1
7-июнда алгачкы оюндарда жарым финалда командалар төмөнкүчө кез келишет:
“Дордой” (Бишкек) - “Алга” (Бишкек)
“Алай” (Ош) – “Абдыш-Ата” (Кант)