Ош. 22-апрелде өтө турган "Алай"-"Арбил" клубдарынын оюн алдындагы маалымат жыйыны болуп өттү

Бүгүн, 21-апрелде Оштун “Алай” жана Ирактын «Арбил» футболдук командаларынын маалымат жыйыны өттү. Анда «Арбил» командасынын башкы машыктыруучусу Аюб од Барчан оштуктар меймандос келишерин айтты. Ошону менен катар өз жерине караганда башка жакта ойноо кыйынга турарын жашырган жок. Ал эми “Алай” командасы бардык жагынан күчтүү экенин баса белгиледи.

Ошондой эле “Алай” командасынын башкы машыктыруучусу Борис Стрельцовдун айтымында, оюндун багыты - жеңиш. Ал эми «Арбил» командасы да күчтүү командалардын катарында экенин айтып өттү.

“Бүгүн акыркы даярдыктан өтөбүз. Эртең колдоочуларыбызга далилдешибиз керек, оюнга даяр экенибизди”,- деди өз сөзүндө машыктыруучу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
fara2503
2014-04-21 21:58:47
Мен негизи Дордойдун куйорманымын. Бирок баарыбыир Алайга ийгилик каалайм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан