Кыргызстандык спортчу Жаңыл Океева оор атлетика боюнча Казакстандын Ачык биринчилигинде алтын медаль утту. Бул тууралуу Казакстандын Оор атлетика федерациясынын расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, Жаңыл Океева 48 килограмм салмакта жалпысынан 155 килону көтөрүп (жулкуп көтөрүүдө 65 килограмм, түртүп көтөрүүдө 90 килограмм), алтын медаль утту. Бул салмакта 2-3-орунду казакстандык спортчулар Галина Момотова (145 килограмм көтөргөн) жана Марина Кокошко (128 кг) ээлешти.
Кошумчалай кетсек, оор атлетика боюнча Казактсандын Ачык биринчилиги 19-апрелде старт алган. 23-апрелге чейин созула турган мелдешке 200гө чукул спортчу катышууда.