Ош шаарында биринчи жолу өткөрүлгөн самбо боюнча мелдешке өлкөнүн бардык аймагынан 500гө жакын спортчу катышты. Алар салмак категориясы боюнча күч сынашты.
Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жана вице-мэр Ильичбек Эргешов, Жогорку Кеңештин депутаты Жылдызкан Жолдошова катышты.
«Бул сыяктуу мелдеш шаарда алгач ирет өткөрүлүп жатат десем жаңылышпайм. Жаштар - биздин келечегибиз. Келечекте өлкөнүн атын чыгарган чыгаан эр-азаматтар чыгарына ишенем. Жаштарга ар тараптуу колдоо көрсөтүүбүз керек»,- деди калаа башчы.
Жыйынтыгында Ош шаарынын курама командасы самбо боюнча 1 алтын, 2 күмүш, 5 коло медаль утуп алышты.
Мелдеш «Эрбол» спорт-комплексинде 18-20-апрель күндөрү өттү. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде мэриянын басма сөз кызматы билдирди.