Бүгүн, 22-апрелде Оштун “Алай” клубу “АФКнын Кубогу-2014” мелдешинде ирактык “Арбил” менен беттешет

2013-жылы футбол боюнча Кыргызстандын чемпиондугун утуп алган Оштун “Алай” клубу бүгүн, 22-апрелде “АФКнын Кубогу-2014” мелдешинин 6-тур оюндарынын алкагында ирактык “Арбил” менен беттешет. Ош шаардык борбордук стадионунда өтө турган беттешке 16:00дө старт берилет. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.

Кошумчалай кетсек, “Алайдын” ирактык “Арбил” менен боло турган беттеши 2014-жылдын эсебинен аталган мелдештеги акыркы беттеши. Себеби “D” тайпасында орун алган “Алай” тайпада 1 гана упай топтоп, тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан