Күрөштүн 3 түрү боюнча өтүүчү Азия чемпиондугуна Кыргызстандан 18 балбан аттанды

Эртең, 23-апрелде Астана шаарында грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча Азия чемпиондугу старт алат. Мелдеште Кыргызстандын желеги астында жалпысынан 18 балбан кармаш өткөрөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты. 27-апрелге чейин созула турган мелдешке аттанган курам төмөнкүчө:

Кыз-келиндер арасындагы эркин күрөштө кыргызстандыктар 3 салмак категориясында күрөшөт. 53 килограмм салмакта Розалия Тилегенова намыс талашса, 58 килограмм салмактык бөлүктө Айша Акбарова бар. Өткөн жылы Азия чемпиондугун утуп алган Айсулуу Тыныбекова 60 килограмм салмакта күчүн сынайт.

Эркин күрөш боюнча курамга Самат Надырбек уулу (57 килограмм), Базар Базаргуруев (61 кг), Улукман Маматов (65 кг), Эламан Доктурбек уулу (70 кг), Магомед Мусаев (97 кг), Иннокентий Иннокентьев (74 кг) жана Айаал Лазарев (125 кг) кирди.

“Бээжин-2008” Олимпиадасынын вице-чемпиону Канатбек Бегалиевдин жетекчилиги астында аттанган грек-рим күрөшү боюнча курама командада Калыбек Жолчубеков (59 кг), Руслан Царев (66 кг), Кайрат Түгөлбаев (71 кг), Самат Шырдаков (75 кг), Жанарбек Кенжеев (80 кг), Азат Бейшебеков (85 кг), Бексултан Махмудов (98 кг) жана Мурат Рамоновдун (130 кг) ысымдары бар. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
alatookg312
2014-04-22 12:33:16
Руслан Тюменбаевга эмне болгон?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан