Англиялык “Манчестер Юнайтед” футболдук клубу башкы машыктыруучу Дэвид Мойести ээлеген кызматынан бошотту

Өткөн жылы Англия Премьер-лигасын утуп алган “Манчестер Юнайтед” футболдук клубунун шотландиялык башкы машыктыруучусу Дэвид Мойес бүгүн, 22-апрелде ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлады.

Маалыматка ылайык, шотландиялык адис клубда башкы машыктыруучу катары 9 айдан ашык убакыт иштеди. Ал бул кызматка 2012-2013-жылкы сезонду аяктаган соң, 1-июлда Алекс Фергюсондун ордуна дайындалган. Анын кызматынан кол жууп калганы “Манчестер Юнайтеддин” УЕФАнын Чемпиондор Лигасына жолдомо ала албай калганы менен байланыштуу экени айтылууда. Жолдомо алуу үчүн клуб топтогон упайлардын негизинде Премьер-лигада алдынкы төрттүккө кирүүсү керек болчу. 20-апрелде “МЮ” атаандашы “Эвертонго” утулуп, алдынкы төрттүккө кирүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган.

Клубда машыктыруучулук кызматты эми “МЮнун” футболчусу Райан Гиггз аткарат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
abdi91
2014-04-23 01:01:00
ото Жакшы гигз сага удачи
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан