Оштун “Алай” клубу “АФКнын Кубогу-2014” мелдешинин акыркы беттешинде ирактык “Арбилге” ири эсепте утулду

Оштун “Алай” клубу кечээ, 22-апрелде “АФКнын Кубогу-2014” мелдешинин 6-тур оюндарынын алкагында ирактык “Арбил” менен беттешип, 0:3 эсебинде утулду. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.

Кошумчалай кетсек, бул командалардын ортосундагы беттеш да алгачкы 6:0 эсебинде “Арбилдин” жеңиши менен аяктаган. Жалпысынан “АФКнын Кубогу-2014” мелдешинен четтеп калган “Алай” тайпада 1 гана упай топтогон. Буга чейин ал бул тайпада иорданиялык “Шабаб аль-Ордон” клубуна эки беттешин утуруп (үйдө-конокто системи боюнча), бахрейндик “Риффага” конокто уттуруп жиберген. Жалгыз упайды өз үйүндө “Риффа” менен тең ойногон соң алган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
admin_superstan
2014-04-24 10:12:45
Natsuz_kg, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөргө тыюу салынат.
Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан