Бүгүн, 23-апрелде футбол боюнча Кыргызстандын чемпиондугу - ТОП-Лиганын алкагында 6-тур оюндарында 2 оюн орун алат. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, КРнын Футбол федерациясына караштуу Футболдук борбордо “Ала-Тоо”-“Алга”, “Манас”-“Абдыш-Ата” клубдары кез келет.
14:30. “Ала-Тоо”-“Алга”
Бул командалардын мелдеш жадыбалында алган ордулары тууралуу айтсак, 5 оюн өткөргөн “Алга” карамагындагы 12 упай менен учурда ТОП-Лигада лидерлик сапта келүүдө. “Ала-Тоо” 2 оюнда 3 упай топтой алган.
17:00. “Манас”-“Абдыш-Ата”
Ал эми жаш футболчулар басымдуулук кылган “Манас” клубу 4 оюнда бир да упай топтой алган эмес. Андан айырмаланып, канттык “Абдыш-Ата” 3 оюнда 6 упай топтоп, мелдеш жадыбалында азырынча алдынкы төрттүктө орун алып келүүдө.