УЕФАнын Чемпиондор Лигасы: Бүгүн мадриддик “Реал” мюнхендик “Баварияны” кабыл алат

Бүгүн, 23-апрелде УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жарым финалында мадриддик “Реал” менен мюнхендик “Бавария” биринчи беттештерин өткөрүшөт. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, беттеш Бишкек сааты боюнча 00:45те орун алат. Финалдык жолдомо үчүн үйдө-конокто системи 2 оюн ойной турган бул командалардын ортосундагы жооптук беттеш 29-апрелде өтөт.

Башкы машыктыруучулардын оюн алдындагы пикирлери:

Хосеп Гвардиола, “Бавариянын” башкы машыктыруучусу:

"Мадрид шаарына “Реалга” каршы оюнга “Бавария” сыяктуу күчтүү команда менен келип жатканым кубандырат. Өз оюнубузду көрсөтүп, тиешелүү жыйынтык алууга умтулабыз. Эгер биз уткубуз келсе, жогорку деңгээлдеги футболду көрсөтүшүбүз керек. “Реал” футболдук клубу кайсы оюнчу ойнобосун, кайсы башкы машыктыруучу жетектебесин, мыкты болуп келген, мыкты боло берет".  

Карло Анчелотти, “Реалдын” башкы машыктыруучусу:

“Реал” акыркы жолу “Барселонага” каршы оюнда өз деңгээлин көрсөттү. Биз “Баварияга” каршы оюнда да ошону кайталоону көздөп турабыз. Гвардиола машыктырган азыркы “Бавария” менен “Барселонанын” оюн стилдери окшош. Биз атаандаштык чабуулун токтотуп чектелбей, өз оюнубузду көрсөтөбүз”
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
jigit.paren
2014-04-23 17:48:36
давай Реал алга, Баварияны бир токтотуп койгулачы, женилбес атка конуп келе жатышат.
+3
Topcubai
2014-04-23 17:49:45
бавария алга
-1
edil.9292
2014-04-23 18:01:01
Бавария утат го деп ойлойм
0
alatookg312
2014-04-23 18:08:55
Реал уйундо ойнойт утат толук ишенем алга
+1
nurando
2014-04-23 18:34:57
Real Madrit - C.Ronaldo - бар мен ага ишенем эгер ойносо только реал алгаааа финал
0
artur_kgboy
2014-04-23 21:30:43
бавария алга мен сен менен
0
algajawoo
2014-04-24 00:19:15
Бавария чемпион болот ин ша Аллах баварияга куч кубат бер озун колдо
0
alatookg312
2014-04-24 01:24:57
Биринчи тайым бутойун деп калды 1-0 Реалдын пайдасына Карим Бензема сайды ура алга Реал
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан