Кечээ, 23-апрелде УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жарым финалында мадриддик “Реал” менен мюнхендик “Бавариянын” биринчи беттеши болуп, “Реал” 1:0 эсебинде жеңишке жетишти. Мадриддиктерге жеңиш алып келген жалгыз голду “Реалдын” франциялык чабуулчусу Карим Бензема 19-мүнөттө киргизди.
“Реал” топту атаандашка берип, каршы чабуулга ойноду. Ал эми мюнхендик клубдун оюнчулары оюнду толук көзөмөлгө алып, оюнунун басымдуу бөлүгүн майдандын борбордук бөлүгүндө өткөрүштү.
Финалдык жолдомонун ээси 29-апрелде өтө турган жооптук беттештин жыйынтыгы менен белгилүү болот.