26-27-апрелде Токмоктогу аэродромдо картинг боюнча КРнын Ачык чемпиондугунун 2-этабы өтөт. Биринчи күн мелдештин катышуучуларын трасса менен тааныштырууга арналса, экинчи күнү саат 10:00дө ачылыш аземи орун алат. Бул тууралуу мелдештин уюштуруучулары кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мелдешке Кыргызстан жана Казакстандын спортчулары катышып, “Пионер-Ракет”, “Интер-А”, “Интер-А-юниор”, “Мини” жана “KZ2” класстары боюнча жеңүүчүлөр аныкталат.