Сууда сүзүү боюнча Кыргызстан курама командасы Дубайда жаштар, өспүрүмдөр жана чоңдор арасында өтүп жаткан эл аралык мелдеште алгачкы алтын медалына ээ болду. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, медалды эркин сүзүүдө Кирилл Вайс, Василий Данилов, Станислав Карнаухов жана Максим Бахарев кирген курам 100 метрлик эстафетада алып келди.
Кошумчалай кетсек, бир канча мамлекеттен 900дөн ашуун спортчу катышып жаткан мелдеште Кытайда өтүүчү жаштар арасындагы Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулат.