Оор атлетика боюнча Кыргызстандын биринчилиги 27-30-апрель аралыгында Ош шаарында өтөт. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мелдеш алкагында кыз-келиндер арасында 7 салмакта, уландар арасында 8 салмак боюнча өлкө чемпиондору аныкталат. Биринчиликтин жыйынтыгы менен Кыргызстандын курамында алдыдагы ири мелдештерге бара турган курамдар бекитилет. Ош шаарынын тандалып калганы спорттун бул түрүнүн аймактарда жайылуусуна шарт түзүү экенин белгилешет уюштуруучулар.