Астана шаарында грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча Азия чемпиондугу старт алып, кыргызстандык спортчулар алгачкы ийгиликтерди жаратууга жетишишти. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, учурда эркин күрөш боюнча кармаштар жыйынтыкталууда. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы эсебине 3 медаль жаза алды. Алгачкы медалды күрөштүн бул түрүнөн Самат Надырбек уулу 57 килограмм салмакта тагынды (коло). Андан соң Магомед Мусаев 97 килограмм салмактык бөлүктө күмүш тагынса, 74 килограмм салмакта Иннокентий Иннокентьев коло медалды багындырды.
Кошумчалай кетсек, Азия чемпиондугуна Кыргызстандын желеги астында жалпысынан 18 балбан аттанган. Мелдеш 27-апрелге чейин созулат.